Новости

БиМде ишембилик өткөрүлдү

Бүгүн БиМ факультетинде жалпы ишембилик уюштурулуп, ага факультеттин бардык студенттери жана окутуучулар катышышты. Баарынын көнүлдөрү майрамдагыдай ачык болушуп, окуу корпусубуздун аудиторияларын, коридорлорун, эшик-терезелерин бирин калтырбай зымылдата аарчып тазалап чыктык. Андан сырткары корпустун короосун да калтырбай шыпырып тазалап чыктык. Андан кийин «Тазаланган жер таза эмес, булгабаган жер таза» болот деген накыл сөздү эске алып, студенттер билим алган, окутуучулар эмгектенген жерибизди булгабай сактаганга аракет жасообуз керек экендигин көнүлгө бекем түйүп, иштин жыйынтыгына ыраазы болуп студенттер үйлөрүнө, окутуучуларыбыз жумуш орундарына кайттык.
3627 16:37 10-03-2016

                 

Новости

|< >|