Новости

Ош шаарынын мэри А. Кадырбаев менен жолугушуу

2016-жылдын 3-март күнү бизнес жана менеджмент факультетинин чон актылык залында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен Ак-Буура аймактык округунун жашоочулары жана факультеттин окутуучулук курамы, студенттери менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда шаар башчы ушул мезгилге чейин аткарылган иштер жөнүндө кыскача отчет берип, келечекте аткарыла турган жумуштар боюнча баяндап берди. Жолугушууну жүрүшүндө калаа башчысы быйылкы жылы аткарыла турган курулуш иштеринен өзгөчө Ленин жана Исанов көчөлөрүн туташтыруучу көпүрөнүн жана Ак-Буура дарыясынын үстүнө курула турган подиумдун болушуна басым жасап кетти. Андан сырткары мэрге ар түрдүү суроолор, кайрылуулар, көйгөйлүү маселелер жөнүндө билдирүүлөр түшүп, алардын ар биринен жеткиликтүү жооптор берилди.
4165 15:04 05-03-2016

                 

Новости

|< >|