5 март «Ак калпак» күнүнө карата медицина факультетинде иш чарасы иш күнүнүн башталышы менен эрте менен саат 8-00дөн тартып факультеттин башкы имаратынын алдында профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин катышуусунда өттү.
Алгач студенттер тарабынан чакан концерттик программа уюштурулуп, ар бир окутууучуга, студенттке ак калпак белек кылышты.
Аталган иш-чара жаш муундарды кыргыздын улуттук баш кийими болгон “Ак калпакты” унутта калтырбоого, жана аны дайыма даңазалап кийип жүрүүгө чакыруу максатында жылда салтка айланып белгиленип келе жатат.