Новости

Кесипке багыт берүү боюнча иш чаралар

Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2016-жылдын январь, февраль айларында Ноокат районундагы Борко, Кашкалдак орто мектептеринде, Борко лицейинде, Өзгөн районундагы Салижан Шарипов, Курманжа Датка, Жумакадыр Мойдунов, Орозбай Ташболотов атындагы орто мектептерде, Кара-Кулжа районундагы Баки Эшманбетов, Ленин, Шарип Жээнбеков, Биймырза атындагы орто мектептерде окуучулар менен жолугушуулар уюштурулуп кесипке багыт берүү боюнча иш чаралар жүргүзүлдү. Март айында Ош шаарындагы мектептерге, Кара-Суу жана Алай районундагы мектептерге баруу пландаштырылууда.
4703 11:06 03-03-2016

                 

Новости

|< >|