Новости

Каада салттарды жөнгө салуудагы мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын ролу аттуу тегерек стол

2016-жылдын 29-февраль күнү Бизнес жана менеджмент факультетинин “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” кафедрасында “Каада салттарды жөнгө салуудагы мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын ролу” аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго Ош облустук казыятынан Атабаев Самидин ажы, Ош шаардык казыятанынан Мырза ажы, Президенттин алдында түзүлгон "Ыйман" фондунун түштүк аймактык жетекчиси Абдуманапов Медер мырза, Ош шаардык жаштар комитетинен келген коноктор жана факультеттин деканатынын окүлдорү, “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” кафедрасынын окутуучулары жана студенттер катышты. Жыйынтыгында төмөнкүдөй резолюция кабыл алынды: - ОшМУнун бардык факультеттеринде каада-салттардагы ашыкча ысырапкерчиликти азайтуу боюнча маалыматтык сессияларды өткөрүү; - Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистигинин студенттеринен маалыматтык-инструктордук топторду түзүү; - Облустук жана шаардык казыяттан ашыкча ысырапкерчиликке каршы диний көз караштагы маалыматтарды алуу жана аларды таркатуу; - ж.б. Өткорүлгөн убактысы: 29.02.2016жыл Сааты: 13:00- 15:00
4491 14:27 01-03-2016

                 

Новости

|< >|