Новости

“ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам!” кайрымдуулук марафонунда 372 миң акча каражаты топтолду

Ош мамлекеттик университетинде “ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам!” аттуу кайрымдуулук марафону болуп өттү. Боорукердик иш чарасы тарых жана маданият жылына карата окуу жайдын жетекчилиги тарабынан демилгеленип, студенттерди мекенчилдикке, гуманизмге тарбиялоо, кайрымдуу болууга үндөө жана Ооган кыргыздарына ОшМУдан гуманитардык экспедиция жөнөтүү максатында уюштурулду.

Кайрымдуулук иш чарасынын алкагында ОшМУнун факультет, институт, колледж, лицейлеринде ар бир студенттик тайпада кураторлор тарабынан Ооган кыргыздарынын тарыхы, географиясы, жашоо-шарттары жөнүндө маалыматтар берилип, тарбиялык сааттар өткөрүлдү. Ошондой эле университетте жалпы жамааттын, студенттердин катышуусунда кайрымдуулук марафону өткөрүлүп, ага университеттин бардык структуралары, ректорат, деканат, кафедралар, студенттик тайпалары катышып, өз салымдарын эл алдында урналарга салышты. “Бүгүнкү тарбиялык мааниси зор иш чаранын негизги маңызы ар бир адамды боорукер, кайрымдуу болууга, студенттерди мекенчилдикке, гуманизмге тарбиялоого жана Ооган кыргыздарына болгон бир туугандык, боорукердик сезимдерин ойготууга, кыйналып тургандарга кайдыгер карабоого, аларга достук колун сунуп, колдон келген көмөгүн берүүгө, кайрымдуу болууга үндөө болуп саналат. Андыктан бүгүнкү иш чарага кайдыгер карабай активдүү катышып жаткан жамааттын ар бир мүчөсүнө ыраазычылык билдирем. Биз боордошторубузга эң зарыл болгон жылуу кийим-кече, тамак аш, концелярдык, гигиеналык каражаттарды алуу менен биргеликте экспедициянын курамында бараткан окумуштууларыбыз илимий изилдөө иштерин жүргүзүп келсе, билим берүүү, медицина тармагында жардамдарды көрсөтүү иштерин алып барабыз”,-деди.

Акция учурунда ОшМУнун таланттарынын концерттик программалары тартууланып, ОшМУнун «Чет элдик кыргыздарды изилдөө борборунун» Ооган кыргыздары жөнүндөгү көргөзмөсү уюштурулду. Кайрымдуулук иш-чарасында түшкөн каражаттар атайын түзүлгөн эсептөө комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнүп, эсептөө жүргүзүлдү. Жыйынтыгында комиссия тарабынан 372 миң сом акча каражаты топтолгондугу маалымдалды. Бул иш чара ушул жуманын аягына чейин улантылып, учурда колунан келген жардамын салып жаткан окутуучулар, студенттердин саны арбын болууда.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль-март айларына пландаштырылган Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик экспедиция уюштурулган, экспедициянын курамына ОшМУнун «Чет элдик кыргыздарды изилдөө борборунан» жаш окумуштуулар Сабыр Арстанов, Расул Авазбековдор да кошулган.

5481 16:16 12-02-2016

                 

Новости

|< >|