Новости

ОшМУда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн экскурсиялар уюштурулууда

Ош мамлекеттик университетинде мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн экскурсиялар уюштурулуп баштады. Үстүбүздөгү жылдын 9-10-февраль күндөрү Ош областынын Ноокат районунун билим берүү бөлүмү тарабынан бир нече айылдык округдарда жайгашкан мектептерден 400гө жакын окуучулар мугалимдери менен биргеликте келип, ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар, физика-техника, конфуций, медицина, табият таануу жана география факультеттеринин материалдык-техникалык базасы, мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан таанышып, окутуучулардын сабактарына күбө болушуп, кесипти туура тандоо багытындагы кеп-кеңештерин угушту.

Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы Жанболот Турсунбаев университеттеги бардык факультеттер, колледждер, лицейлер боюнча жалпы маалымат берди, ошондой эле окуучуларга ОшМУ жөнүндөгү фильмдер, роликтертер көрсөтүлүп, студенттик “Нур” гезитинин атайын чыгарылышы менен биргеликте университет жөнүндөгү маалыматтар таркатылды. Мындай экскурсиялар дагы улантылып, анда окуучулар университеттин башка факультет, колледж, лицейлерине болушат.

5292 11:39 11-02-2016

                 

Новости

|< >|