Новости

“ОшМУнун ар бир группасы бийлейт”

Тарых жана маданият жылына карата студенттерди бий маданиятына тарбиялоо максатында “ОшМУнун ар бир группасы бийлейт” аттуу иш-чаранын планы кабыл алынды. Ага ылайык, окуу жайдын ар бир факультет, институт, коллежи өз алдынча жыл этегине чейин кезек менен бийлердин фестиваль-кечелерин өткөзөт. Алгач ар бир тайпага декандын орун басарлары тарабынан бирден бийдин түрү: кыргыз бийлеринен баштап, твикс, брейк-данс, танго, испан, араб, лезгинка, хип-хоп, латиноамерикалык, ламбада, заманбап, көчө, классикалык бал бийи сыяктуу 20дан ашуун бөлүнүп берилет жана студенттик тайпалар бөлүнгөн күндөн баштап өздөрү хореограф жалдап же өз алдынча изденишип (интернет ж.б.) үйрөнүшөт. Тайпаларга бийлерди үйрөтүү жоопкерчилиги ар бир тайпанын кураторуна жүктөлөт. Тайпалар өздөрүнө бөлүнгөн бир бийди үйрөнүү менен катар башка бийлерди да көрсөтүүсүнө уруксат берилет.

Иш-чарага факультеттин бардык студенттери чакырылып, ал күнү студенттер жооптуу иш-чарага гана эмес, бий майрамына келгендей маанай түзүлмөкчү. Студенттик тайпанын өкүлдөрү ар бир бийдин талабына ылайык жарашыктуу кийимдерди кийинишип, кезеги менен ортого чыгып түрдүү бийлерди бийлешет, ал эми күйөрмандар бий аянтчасын тегеректешип, кол чаап сүрөп турушат. Жыйынтыгында тайпалардын бийлеринен соң жалпы бий (дискотека) уюштурулуп турмакчы.

Азыр тойлорго барсаң жаштардын 2-3 гана бийде бийлеп жатышкандыгын көрүүгө болот. Эгер бул иш план факультеттерде ийгиликтүү ишке ашса, алты айдан кийин ОшМУнун студенттери жогорку окуу жайда тарбияланып жаткан адамга коюлуучу талапка ылайык өздөрүнүн маданий деңгээлин ар кандай кече-тойлордо түрдүү бийлери менен көрсөтө баштайт деген ойдобуз.

5264 15:44 03-02-2016

                 

Новости

|< >|