"8-Март Эл аралык аялдар күнү"
11:58
8-Март Эл аралык аялдар күнүнө карата
“Аял асыл, анын күчү сулуулук,
Мээриминде түгөнбөгөн жылуулук,
Милдетим деп билем дайым сыйлашты,
Аял заты бүтүн аалам туюлуп” …
- темасы алкагында БиМ факультетинин мырзалары тарабынан уюштурулган концерттик программа аябагандай мыкты деңгээлде өттү. Студенттердин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон факультеттин деканы А.Р. Асанов, э.и.д., профессор КР УИАнын мүчө-корреспонденти П.К. Купуевдер куттуктоо сөз сүйлөп, үзүрлүү эмгеги жана мыкты жетишкендиги үчүн факультеттин окутуучу жана студент айымдарын Ардак грамота менен сыйлашты.
3443 11:58 10-03-2014