Новости

Медицина факультетинде Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү белгиленди.

1-декабрь “ Бүткүл дүйнөлүк  СПИДке каршы күрөшүү” күнүнө карата медицина факультетин Декандын илимий иштер жана сырткы байланыштар боюнча орун басары доцент, Каримова И.К., жана Студенттик илимий коом (СНО)  тарабынан Илимий студенттик конференция уюштурулуп ага 6 илимий доклад окулуп, медицина факультетинин профессордук окутуучулар жамааты 300 дөн ашык студенттер катышты. Алгач факультеттин деканы,  профессор Арстанбеков М.А. сөз сүйлөп студенттерге каалоо тилектерин айтып өттү. Ошондой эле Спидке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун кызматкери Дурусбеков Асан катышып студенттерге СПИД боюнча кеңири маалымат берип суроолоруна жооп берди.  

Эскерте кетсек:   Илимий конференцияга  Акушерство жана гинекология, Ортопедиялык жана терапевтикалык стоматология, Хирургиялык жана курактык стоматология, Табийгый илимдер дисциплиналар кафедралары активдүү катышты. 

4985 10:30 03-12-2015

                 

Новости

|< >|