Новости

Ош МУнун эл аралык медицина факультети студенттерди куттуктады

Ош МУнун Эл аралык медицина факультетинин профессор-окутуучу жана студенттери катышуусунда, 17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата, студенттердин майрамы менен куттуктоо аземи болуп өттү. Студенттерди майрамы менен куттуктап, эл аралык медицина факультетинин деканы м.и.к., доцент Р.К. Калматов, фундаменталдык жана теориялык дисциплина кафедрасынын башчысы х.и.к., доцент А.А. Нышанов, клиникалык дисциплиналар кафедрасынын башчысы м.и.к., доцент С.М. Маматова, тарбия жана контракт иштери боюнча декандын орун басары А.Э. Саттаров, фундаменталдык жана теориялык дисциплина кафедрасынын улук окутуучусу Н.М. Ташматова жана окутуучу А.Кайиповалар сөз сүйлөштү. Окуудагы жана коомдук иштерге активдүү катышкан төмөнкү студенттерге деканат тарабынан грамота тапшырылды: Баджури Бхаргави, Молабанти Хеманти Кумар, Мишра Пиюш, Нигам Хари Ом, Чаурасия Джитендра Кумар, Сехер Таусиин, Мишра Сасват, Уллатуру Чандрахаса Редди, Боикунта Хазарика, Аниш Ахмад
4478 13:26 17-11-2015

                 

Новости

|< >|