Новости

Медицина факультетинде Брейн - Ринг өткөрүлдү

«Манас» эпосу — кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын алтын казынасы. Бул чыгарма элибиздинруханий табылгаларынын алгылыктууларын, басып өткөн тарыхый жолунун орчундуу окуяларын чогултуп, укумдан-тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймыгы. Кыргыз эли өткөн миң жылдыктагы адамзаттын дүйнөлүк маданиятына «Манас» эпосун жаратуу менен чоң салым кошту деп сыймыктануу менен баса белгилесек болот.

Жаш муундарга “Манас эпосун унутта калтырбоо максатында медицина факультетинде 12.11.15 күнү студенттер тарабынан “ Манас тануу” предмети боюнча “Брейн-Ринг” болуп өттү . жалпысынан 5 команда катышып, кызык оюн жүргүзүлдү. Ага ОшМУнун жаштар комитетинин Брейн-Ринг клубунун башчысы Сатаров Н. катышып жеңүүчүлөргө “ Манас” аттуу китептерди тапшырды.

Эскерте кетсек: Бул демилге факультеттин жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, дагыда улана бермекчи.

4118 15:15 13-11-2015

                 

Новости

|< >|