Новости

Бишкек шаарынан келген ЖОЖдордун студенттери медицина факультети менен таанышып чыгышты.

11.11.15 Бишкек шаарында ЖОЖдордо билим алган 23 студент медицина факультетине келип таанышып кетишти. Алгач конокторду медицина факультетинин деканы, профессор Арстанбеков М.А., “Гистология жана патанатомия” кафедрасынын башчысы Шатманов С.Т.факультеттин мугалимдери, факультеттин жаштар комитетинин төрайымы Афтандилова Бибинур баштаган топ тосуп алып медициналык клиника, медицина факультетинин “Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы кафедрасы” жана “Электрондук библиотека”, лекциялык залдар менен тааныштырып чыгышты. Конокторго AVN системасы боюнча маалымат беришти.

Келген коноктор медицина факультети, деги эле ОшМУ жогорку деңгээлде өнүгүп, студенттердин билим алуусу үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн айтып жетекчиликке ыраазычылыктарын айтышты.

4610 10:07 12-11-2015

                 

Новости

|< >|