Новости

Бүгүн медицина факультетинде дагы бир административдик корпустун курулушу башталды.

Ош мамлекеттик университетинин жалпы К.А.Исаков баштаган ректорат жаматы, факультеттердин декандары, медицина факультетининин профессордук окутуучулар курамы жана студенттердин катышуусунда 26-сентябрь күнү медицина факультетинде 4 кабаттуу административдик окуу имаратынын курулушун баштады.

ОшМунун ректору, профессор К.А. Исаков куттуктоо сөз сүйлөп алдыда курулуп жаткан имарат толугу менен бүтүп пайдалануга берилсе, медицина факультетинен көптөгөн окумуштулар чыгышын каалап өттү.

Аталган окуу имаратынын 12/15 кв метр аянты түзөт. Курулушка кетүүчү каражат университеттин ички эсебинен каржыланат. Окуу имараты ушул жылдын декабрь айынын аягында ишке берилүүсү пландалууда.

3591 14:11 26-09-2015

                 

Новости

|< >|