Новости

БиМ

Кубанычтуу жана сүйүнүчтүү жаңылык! Ал экономика жаатында мыкты кесипкөй адистерди даярдаган, престиждүү БиМ факультетинде. 2015-жылдын 10-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин "Бизнес жана менеджмент" факультетинде «Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу (КЭУБ)» ресурстук борбору ачылды. Ресурстук борборду ачуу аземин Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) окуу иштери боюнча проректору А.О. Абдувалиев ачып куттуктоо сөзүн айтты жана КР боюнча USAIDдин демократияны өнүктүрүү боюнча директору Эн Хоппер, Ист-Вест Менеджмент Институтунун, USAIDдин биргелешип башкаруу боюнча программасынын директору Марк Граб, КЭУБдун университеттер боюнча Консорциумунун Координатору, КУУнун "Эл аралык мамилелер" факультетинин деканы Ы. Бейбутова, БиМ факультетинин деканы А.Р. Асанов, түштүк регионунун ЖОЖдорунун ректорлору куттуктоо сөзгө чыгып, куттукташты! Бул Кыргыз Республикасында КЭУБдун экинчи ресурстук борбору, биринчиси Кыргыз улуттук университетинде 2013-жылдын декабрынан тартып иштеп келе жатат. USAIDдин Биргелешип башкаруу боюнча программасы эки борборду тең колдоого алат. КЭУБдун ресурстук борборлору туруктуулукту, кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана коммерциялык эмес уюмдарга маалыматтык жана укуктук колдоо көрсөтүү үчүн билим берүүчү жана интеллектуалдык борборлор болуп саналат. Ош мамлекеттик университетинин КЭУБ ресурстук борбору студенттердин, окутуучулардын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын коммерциялык эмес, бизнес жана мамлекеттик секторлорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен мейман лекциялар, конференциялар жана дискуссиялар үчүн платформа катары кызмат кылат.
3054 11:04 14-04-2015

                 

Новости

|< >|