Новости

БиМ

2015-жылдын 12- март күнү “Бизнес жана менеджмент” факультетинин “Экономика жана салыктар” кафедрасы тарабынан Ош шаардык салык кызматы менен биргеликте “Жеке жарандар төлөөчү салыктар жана кирешени декларациялоо” аттуу семинар уюштурулду. Семинарда “Экономика жана салыктар” кафедрасынын башчысы, э,и,к.,доцент Н.Р. Парпиева жана Ош шаардык салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн ага инспектору Абдрай уулу Асилбек баяндама жасашты. Семинардын жүрүшүндө ага катышкан жарандар, ишкерлер, окутуучулар жана студенттер өзүлөрү кызыккан суроолорго жооп алышты. Катышуучулар 2015- жылдан баштап күчүнө кирген бирдиктүү салык декларациясы жөнүндөгү маалыматты жер жерлерде таркатуунун актуалдуулугун белгилешти.
3182 10:50 14-03-2015

                 

Новости

|< >|