Новости

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун күнүн медицина факультетинде белгиленди

Бугун медицина факультетинде, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү белгиленди. Анда медицина факультетинин деканатынын мүчөлөрү, кафедра башчылары, окутуучулар жана студенттер катышкан митинг болуп өттү. Митингде Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды, желеги көтөрүлдү жана желек жөнүндө тарыхы окулду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү майрамы менен медицина факультетинин деканы, м.и.к., профессор М.А. Арстанбеков, Травматология, соттук медицина жана нур диагностика кафедрасынын башчысы, м.и.д., профессор Ж.Ж. Жеенбаев, Акушерсто жана гинекология кафедрасынын башчысы, м.и.к., доцент Ж.А. Уметова, №2 педиатрия кафедрасынын башчысы, м.и.к., доцент Т.Ш. Шайназаров, Өмүр коопсуздугу кафедрасынын башчысы, доцент К.М. Мусакунов жана студенттердин атынан 1курстун студенти Жусупов Кайрат куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
3664 10:17 03-03-2015

                 

Новости

|< >|