Новости

Жаш окутуучулардын ачык сабактарына кеп кеңештер берилди

“Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы” кафедрасынын жаш окутуучулары З. Кадыбаев (12.02.15-ж., 1лк-18) менен И. Олжобаев (18.02.15-ж, 1лк-27) графиктерине ылайык ачык сабактарын уюштурушту. Сабакты уюштуруп баштоо, өтүү, бышыктоо жана жыйынтыктоо маселелери боюнча ага катышышкан кафедранын доценттери Ш. Беркмаматов, С. Джолдубаев сыяктуу тажрыйбалуу мугалимдер өз кеп кеңештерин беришип, мындар ары да талыкпай өз үстүнөн эмгектенүүлөрүн каалап өтүштү. Жаш окутуучулардын сабакка болгон мамилеси, дилгирлиги, студенттерди өз алдынча иштөөгө багытташы, клиникалык учурларга басым жасап, интерактивдүү методдорду колдонушу катышкан тажрыйбалуу окутуучулардын кызыгуусун жаратты. Кафедра башчысы доцент Сакибаев К.Ш. ачык сабактарга болгон өз баасын берүү менен жаш окутуучуларга өз ара тажрыйба алмашуу максатында лекторлордун сабагына такай катышып турууну, ар бир сабактын конкреттүү иштелмесин иштеп чыгуу, убакыттарын туура бөлүштүрүү, баалоо системасын рационалдаштыруу сыяктуу өзөктүү суроолордун үстүнөн иштөөлөрүн каалап өттү. Белгиленген ачык сабактардан сырткары да алардын күнүмдүк сабактарына кирип, баа берип, сунуш пикирлерин айтууну тажрыйбалуу окутуучуларга сунуштады.
3059 12:17 19-02-2015

                 

Новости

|< >|