Жолугушууга Ош облустук үй-бүлөгө медициналык-социалдык жардам берүү борборунун врач гинекологу Алдосова Айгул, ОшМУнун профессору, Искусство факультетинин аялдар кеңешинин төрайымы Тамара Кадырбаева катышып кыздарды кызыктырган суроолоруна жооп беришти. Жолугушуунун жүрүшүндө ден соолукка кам көрүү, туура кийинүү, гигиенаны сактоо, жүрүм-турум эрежелер жөнүндө кеп кеңештер айтылды.
ОшМУнун аялдар кеңеши тарабынан кыздарга кеңеш берүү, турмушка даярдоо максатында буга чейин да уюштурулуп келген. Эми ар ай сайын медицина кызматкерлери менен биргеликте атайын иш планга ылайык өткөрүү колго алынаары айтылды.