Новости

Cалттуу диний баалуулуктарды жеткирүү максатында уюштурулган кезектеги семинар

Cалттуу диний түшүнүктөрдү жана баалуулуктарды жаштарга жеткирүү, мыйзамсыз диний агымдардын иштерине каршы күрөшүү жана терроризмдин алдын алуу максатында уюштурулган семинар, бул жолу №26 – Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде болуп өттү. Ага, теология факультетинен окутуучу Калбердиев Абдилазиз, студенттери Адылжан кызы Толгонай, Таваккалова Зарифа, Карабаев Мамыржан жана Юсупов Оллаберди катышты. Конференция залынын тардыгына байланыштуу кыз жана эркек окуучуларга эки башка залда өткөрүлгөн семинарда, кыздарга түшүндүрүү иштерин Адылжан кызы Толгонай жана Таваккалова Зарифа жүргүздү. Ал эми, балдарга адаттагыдай Сирия маселеси боюнча видеоролик көрсөтүлүп, теология факультетинин окутуучусу Калбердиев А. жана тиешелүү структуралардын кызматкерлери керектүү маалыматтарды беришти.
5047 16:06 20-11-2014

                 

Новости

|< >|