Новости

ОшМУда Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн 20 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде 19-ноябрь күнү Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн 20 жылдыгына карата “Этникалык көп түрдүүлүк-өлкөбүздүн байлыгы” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга Кыргыз элинин Ассамблеясынын төрагасы Б.Мурзубраимов, КРУИАнын вице-президенти, академик Б.Токторалиев, КРнын президентик аппаратынан Зайыр Эргешов, ошондой эле КРнын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Махамадов, Ош шаардык мэриясынын бөлүм башчысы Т.Айтиев, Ош облусунун Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы Б.Нурунбетов, жогорку окуу жайларынын ректорлору, орус, уйгур жана башка улуттардын диаспораларынын президенттери, окутуучулар, стденттер катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө Балтагул Нурунбетов Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн 20 жылдык тарыхы, коомго, мамлекетке кошкон салымы, улуттар аралык биримдикти чыңдоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча токтолду. Конференциянын коноктору кутуктоо сөздөрүн айтып өттү.

Пленардык жыйында ОшМУнун бир топ окумуштуулары баяндама жасашышты. Андан соң конференция секциялык иштерде улантылып, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

7146 11:27 20-11-2014

                 

Новости

|< >|