Новости

Өзгөн медициналык колледжинде бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата жана студенттерди кабыл алуу аземи болуп өттүү.

Колледждин директору Ө.Т.Станбаев Студенттерди майрамы менен куттуктап, окуудагы жетишкен ийгиликтери жана коомдук-маданий иш чараларга активдүү катышкандыгы үчүн "Ардак Грамота" менен сыйлады. Ошондой эле 2013-2014-окуу жылында өткөрүлгөн "Эң мыкты староста-2014", "Мыкты староста-2014" конкурсу уюштурулуп конкурунда "Сестралык иши" адистигинин 2-курусунун студенти Исабаева Ырысгүл, "Дарылоо иши" адистигинин 2-курусунун студенти Куванычбек уулу Жыргал "Эң мыкты староста-2014" сынагынын жеңүүчүлөрү болду. "Дарылоо иши адистигинин 4-курусунун студенти Ырысбай уулу Айтибек "Артивдүү староста" номенациясын алып Ардак грамота менен сыйланды. Өзгөн шаарынын мэриясынан өкүлдөр келип, 17-ноябрь -Студенттердин эл аралык күнүнө карата окуудагы мыкты жетишкендиктери жана шаардагы маданий массалык иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Каимбек уулу Сүймөнкул, Борончуев Исабек, Аттокурова Махабат, Замирбек уулу Азат, Кубанычбек уулу Жыргал,Өзгөн шаарынын мэриясынын "Ардак Грамотасы" менен сыйланды.
5869 16:12 17-11-2014

                 

Новости

|< >|