Новости

«ОшМУнун 75 жылдык мааракесинен кийинки оршон ойлор»

Ош мамлекеттик университетинин Орус филологиясы факультетинин чет тилдер жана маданий аралык коммуникация кафедрасы тарабынан «ОшМУнун 75 жылдык мааракесинен кийинки оршон ойлор» деген аталыштагы тегерек стол уюштурулду.

Тегерек столго Орус филологиясы факультетинин декандын окуу иштери боюнча орун басары К.Абдиев, дүйнөлүк адабият кафедрасынын профессору Н.Мурадымов, өзбек филологиясы кафедрасынын башчысы Р.Турсунов, орус жана салыштырма тил илими кафедрасынын башчысы Г.Жамшитова, доцент Ф.Ахмедова, журналистика кафедрасынын башчысы С.Эргешова, ошондой эле бир топ окутуучулар катышышты.

Н. Мурадымов тегерек столдун жүрүшүндө өзүнүн 75 жылдык данктуу мааракесин белгилеген ОшМУнун башаты 1939-жылда ачылган Ош мугалимдер институтунан башталгандыгын, алгач ошол кездеги мугалим адистеринин жетишпестиги мугалимдер институттарынын ачылуусуна шарт түзгөндүгүнө токтолду. Ошондой эле институтта алгач тарых, физика-математика, орус тили жана адабияты, кыргыз тили жана адабияты адистиктери, бир жылдан кийин табият таануу адистиктери ачылып, билим бергендигин кошумчалады.

Тегерек столго Орус филологиясы факультетинин декандын окуу иштери боюнча орун басары Калмамат Абдиев окуу жайдын 75 жылдык мааракеси университеттин жетекчилиги, жалпы жамаат тарабынан жогорку деңгээлде уюшулуп, иш-чаралар да өз максатына жеткендигин айтуу менен бул маараке дагы бир жолу өткөн тарыха баам салым, жаңы максаттарга жол ачкандыгын кошумчалады. Ал эми “Ош мугалимдер институтунан башталган жол” жана “Билим берүү сапарында 60 жыл” аттуу ОшМУнун тарыхын камтыган китептер келечек үчүн баалуу экендигин айтты.

Ал эми журналистика кафедрасынын башчысы Сейил Эргешова мааракенин алкагында университеттин бардык структураларында окуу-усулдук, маданий иштер байма-бай өтүп тургандыгын айтуу менен борбордук стадиондо уюштурулган иш-чарада окуу жайдын бардык структураларынан жүрүш жасап, жетишкен ийгиликтерин белгилеп өткөндүгү, иш-чаранын ОшТВдан түз алынып берилип тургандыгы зор сыймык экендигине токтолду.

Орус жана салыштырма тил илими кафедрасынын башчысы Г.Жамшитова мааракеге карата кафедра тарабынан чыгарылган «ОшГУ моя обитель» аттуу студенттердин ой толгоолору, ОшМУ жөнүндө ырлары жазылган эсселер жыйнагы жарык көргөндүгүн айтып, ОшМУга арналган студенттердин ырларынан окуп берди.

“Биз бүгүнкү сиздер менен баарлашуунун алкагында мааракеден кийинки ойлорубуз менен бөлүшүп, университет жетекчилигине, мааракенин уюштуруучуларына ыраазычылык билдирүү максатын койгонбуз. Анткени 75 жылдык мааракебиз жогорку деңгээлде өттү. Аны уюштурган, жетектеген адамдар, уюштурууга салымын кошкон инсандарга ыраазычылык айтуу биздин милдет деп эсептейбиз. Ар бир жасалган иш бул тарых, бул биздин келечек муундарга үлгү, ошондуктан ийгиликтүү жыйынтыктап алган маараке тууралуу оюңуздарды айтып, пикирлешкен баарыңыздарга ыраазычылык билдиребиз”, -деди чет тилдер жана маданий аралык коммуникация кафедрасынын башчысы Сурма Сейитбекова.

8692 16:14 31-10-2014

                 

Новости

|< >|