Новости

Стоматологиялык клиниканын ачылыш аземи болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык медицина факультетинин 20 жылдык мааракесине карата бүгүн, 25-октябрь күнү стоматологиялык 3 кабаттан турган клиниканын ачылуу аземи болду.

Салтанатка ОшМУнун ректору профессор Каныбек .Абдусаитович .Исаков, окуу иштери боюнча проректор Абдувалиев Абдыганы .Осмонович.,Экономика жана финансы иштери боюнча проректор Эркебаев Тажимамат.Кудайбердиевич. КБнын башчысы Турдубаева Г.Т., илимий иштер боюнча проректор Жумабаева Тасилкан.Токтомаматовна ., тарбия иштери боюнча департаменттин директору Бөжөнөв Замир.Сабиржанович.Ош облустар аралык бирикен оруканасынын директору Сулайманов Шайырбек жана баардык факультеттин декандары, кафедра башчылары, кадырлуу агай-эжекелери, сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, студенттер, атайын чакырылган коноктор катышышты.

Стоматологиялык клиниканын кызыл тасмасы м.и.д профессор Жээнбаев Жолборс .Жээнбаевич ., м.и.д. академик Кудаяров Дүйшөн Кудаярович жана Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Саллиев Накен Салиевич тарабынан кесилип, ОшМУнун ректору профессор Исаков Каныбек Абдуваситович медицина факультетинин деканы профессор Арстанбеков Маматжан Арстанбековичке ачкычын тапшырды.

8654 13:49 25-10-2014

                 

Новости

|< >|