Новости

ОшМУнун Медициналык клиникасынын кызыл тасмасы кесилди

Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык мааракесине арналган иш-чаранын алкагында бүгүн, 23-октябрь күнү университетинин ички каражаттарынын эсебинен курулган 4 кабаттуу медициналык клиниканын ачылуу аземи болду.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева, Жогорку Кеңештин спикери Төрөбай Зулпукаров баштаган бир топ депутаттар, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Улуттук анкология борборунун башкы директору Накен Касиев, КУИАнын вице-президенти, академик Биймырза Токторалиев, Ош шаардык кеңештин депутаттары, Кыргызстандагы аалым-илимпоздор, ОшМУнун экс-ректорлору, жогорку окуу жайларынын ректорлору, Түркия, Кытай, Казакстан мамлекеттеринин элчиликтери, ОшМУнун кадырлуу агай-эжекелери, сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, студенттер, атайын чакырылган коноктор катышышты.

“2013-жылдын ноябрь айында тилек кылып ушул клиниканын алгачкы пайдубалын баштаганбыз, бүгүн минтип тилектерибиз орундалып клиникабыздын курулуш иши аяктап, пайдаланууга берип жатабыз”, -деген ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, клиника бир мезгиле 250 оорулууну кабыл алып, дарылоого ылайыкташкан неврология, кардиология, эндокриналогия, жалпы терапия, дарт аныктоо жана кеңеш берүүчү 5 бөлүмдөн турарын айтты. Ошондой эле Ош шаарындагы ыйык эсептелген Ак Буура дарыясынын жээгинде, жаратылыштын жагымдуу шарты бар, таза абада жайгашкан клиника оорулууларды майнаптуу дарылоого да өбөлгө болуп, окумуштуу-окутуучулар бул жерден өздөрүнүн илимий тыянактарын, жаңы тажрыйбаларын иш жүзүндө көрүүгө, студенттер, аспиранттар, ординаторлор практиткалык тажрыйба топтоого шарттар жараларын белгилеп өттү.

Кыргызстан эл ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов бүгүн ОшМУ үчүн тарыхый күн, анткени окуу жайда окуу-өндүрүштүк, илимий багыттагы клиниканын ачылуу салтанаты болуп олтурат. Бул клиниканын буйруса келечеги кең болот. Ар дайым ОшМУнун туусу бийик көтөрүлө берсин, ак жолтой клиника болсун деген жакшы тилектерин айтып, ак батасын берди. Клиниканын кызыл тасмасы кесилип, коноктордун ар бири медицинналык клиникадагы түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты.

Кошумчалай кетсек, жалпы пайдалуу аянты 4500 м2 түзгөн, 4 кабаттуу клиниканын курулуш ишине университеттин ички каражатынан 75 млн сом акча каражаты жумшалды. Клиника Ош шаарынын Түштүк-чыгыш тарабындагы ОшМУнун “Ак буура” КАМПУСундагы Медицина факультетинин жанында жайгашкан.

Фотолор: Рашит Максытовдуку

8746 16:32 23-10-2014

                 

Новости

|< >|