Новости

ОшМУнун 75 жылдыгына карата уюштурулган волейбол мелдеши жыйынтыкталды

Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык мааракесине карата жогорку окуу жайлар аралык волейбол боюнча мелдеш болуп өттү.

Мелдешке Ош технологиялык университетинин, Ош мамлекеттик социалдык университетинин, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун, Ош мамлекеттик юридика институтунун, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад экономикалык ишкердик университетинин жана ОшМУнун командалары биринчилик үчүн күч сынашкан 8 команда катышышты.

Сыйлоо аземине катышкан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков мелдеште байгелүү орунду ээлеген командаларды ийгилиги менен куттуктады. ОшМУнун бүтүрүүчүсү, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев мелдештин катышуучуларын мындан ары да спорт менен алектенип, алдыга жакшы максаттарды коюп, ага жетүүгө ар дайым эмгектенүүгө чакырды. “Менин да силердей студенттик кезим ушул куттуу окуу жайда өткөн. Ошол мезгилде спортко кызыгып, мелдештерге катышып, көп жакшы тилектерди максат кылган элем, азыр ошол тилектериме жетип отурам. Андыктан силер да жакшы тилекти жолдош кылгыла. Мен ар дайым ОшМУ менен сыймыктанып келем”, -деди. Мелдеште I орунду ээлеген ОшМУнун командасы 20 миң сом, II орунду ээлеген ОшТУнун командасы 15 миң сом, III орунду ээлеген Жалал-Абад экономикалык ишкердик университетинин командасы 10 сом акчалай сыйлыктар, мелдештин кубогу, университеттин дипломдору менен сыйланды. “Мыкты оюнчу”, “Мыкты тренерлерге” кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, ОшМУдагы волейбол федерациясын экономика жана финансы иштери боюнча проректор Тажимамат Эркебаев жетектеп келет.

7133 17:59 22-10-2014

                 

Новости

|< >|