КонференциягаКРнын Билим берүү министрлигинен, КРнын УИАнан, Кыргыз Билим берүү академиясынан, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен, И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техника университетинен, Казакстандын Тараз университетинен, Түркиядан, ОшТУ, ОшМСУ, ОГПИ, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Жалал-Абад экономикалык ишкердик университети, Талас мамлекеттик университеттери сыяктуу жогорку окуу жайларынан өкүлдөр катышууда.
Конференциянын жүрүшүндө ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Ош мамлекеттик университетинин жетишкен ийгиликтери жана келечеги тууралуу баяндама жасады. Пленардык жыйында куттуктоолор айтып, баяндамалар жасалууда. ОшМУнун 75 жылдык мааракесине карата ОшМУнун башкы имаратында көргөзмө уюштурулган.