Новости

Физика, математика жана информациялык технологиялар кафедрасы

17-октябрда III парада ФКК-1-14 тайпасына ОшМУнун 75 жылдык мааракесине арналган «Мугалим - алтын чырагым» деген ачык куратордук саат өтүлдү. Мында университеттин 75 жылдык билим берүү сапарындагы басып өткөн жолу менен байланышкан тарыхый материалдар баяндалып, слайд көрсөтүлдү. Учурдагы жетишкендиктери боюнча жогорку деңгээлдеги видео ролик тартууланды. Мугалимге арналган студенттердин өнөрлөрүн абдан кызыгуу менен көрүштү. Келген меймандар аларга абдан жогорку баа беришти.
Чырпыктан чынар өстүрүп,

Чыгарган багбан мугалим!

Чымылдап учкан баланын,

Чырагын жаккан мугалим!

Чырылдап күлүп от болуп,

Чындыкты айткан мугалим!



Куратору ФМИТ кафедрасынын окутуучусу Кожобекова У.
4418 10:15 22-10-2014

                 

Новости

|< >|