Новости

ОшМУнун 75 жылдыгына карата волейбол боюнча университеттин Кубогуна арналган мелдештер башталды

Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык мааракесине карата жогорку окуу жайлар аралык волейбол боюнча мелдеш старт алды. Мелдештин ачылуу аземине катышкан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, окуу жайдын ректорат жамааты спортчуларга ийгилик каалоо менен оюндун жүрүшүндө мыктынын мыктысы жеңип чыксын деген тилегин билдиришти.

Мелдешке Ош технологиялык университетинин, Ош мамлекеттик социалдык университетинин, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун, Ош мамлекеттик юридика институтунун, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад экономикалык ишкердик университетинин жана ОшМУнун командалары биринчилик үчүн күч сынашышат. Мелдешке жалпысынан 8 команда катышууда. Жыйынтыгында I орунга 20 миң сом, II орунга 15 миң сом, III орунга 10 сом акчалай сыйлыктар, Кубоктор, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты тренерлерге” кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат. Оюндун жыйынтыгы 22-октябрда чыгарылат.

7847 08:27 22-10-2014

                 

Новости

|< >|