Новости

ОшМУнун 75 жылдык мааракесине карата «ОшМУдан журналистика айдыңын көздөй…» китеби жарык көрдү

Ош мамлекетик университетинде билим алып, бүгүнкү күндө кыргыз массалык-маалымат каражаттарында эмгектенип жатышкан журналисттерди кабыл алган ОшМУнун ректору Каныбек Исаков мааракеге карата жарык көргөн «ОшМУдан журналистика айдыңын көздөй…» китебин белекке берди.

Аталган китепке ОшМУда билим алып, учурда өлкөбүздөгү түрдүү массалык маалымат каражаттарында эмгектенип жатышкан Абдыкерим Муратов, акындык өнөр менен журналистиканы бирдей алып жүргөн Атантай Акбаров, республикалык «Эркин тоо» гезитинин редактору Манас Осмонов, ЭлТРде эмгектенип жатышкан Гүлзат Газиева, Жумамидин Сулайманкуловдор, Коомдук телерадио берүү корпорациясында эмгектенишкен белгилүү журналисттер Комос Чыдынов, Лунара Мамытова, Рая Нургазиева, Жаннат Мажитова, Мээрим Бакир кызы, Гүлнара Пратова, «Азаттык» радиосунда эмгектенишкен Жанар Акаев, Кубаныч Жолдошов, Ыдырыс Ысаков, Би-Би-Си радиосунан Айбек Абдылдаев, ошондой эле бир топ республикалык гезиттерде, жергиликтүү телевидениелерде жетекчилик кызматтарды аркалап келе жатышкан журналисттер Алишер Токсонбаев, Келдибек Назиров, Абдувахаб Монуев, Тургунбай Алдакулов, Толкун Эрмекбаев, Керимбек Калыгулов, Гүлжан Ажиматова, Асанбек Каракозуев, Кайрат Жапаров, Акылбек Орозматов сыяктуу бир топ журналисттердин жетишкен ийгиликтери, студенттик кездеги ойлору, ОшМУнун 75 жылдык мааракесине карата куттуктоолору киргизилген.

«Биз университетибиздин мааракесинин алдында ОшМУда окуп, билим алып, учурда түрдүү журналистика айдыңында өз ишмердүүлүктөрүн көрсөтүп, элге жүзү, чыгармачылыгы менен таанылган сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүбүздүн, сиздердин ойлоруңуздарды ушул китепке киргиздик. Журналистика тармагында эмгектенип жаткандардын 90% ОшМУнун «Үмүт» телестудиясынан, студенттик «Нур» гезитинен калемин такшалткандар десем жаңылышпайм. Анткени биздин студенттик гезитибиз, телестудиябыз чыгармачыл жаштарга алгачкы коломто болуп келүүдө. ОшМУнун бүтүрүүчүсү катары кайсы жерде, кандай кырдаалда болсо да ОшМУнун- билим уяңыздардын беделин бийик көтөрүп, мекенибизге ак дилден кызмат кыла берүүңөрдү каалаймын», -деген окуу жай жетекчиси ар бир журналисттин көкүрөгүнө ОшМУнун мааракелик төш белгисин тагып, белектерин ыйгарды.

Журналисттер да өз кезегинде билимин, тарбиясын берген окуу жай жамаатына ыраазы экендиктерин айтып, ОшМУда окугандыктарына сыймыктанарын жана кайсы жерде болбосун ар дайым ОшМУ көкүрөгъндщ турарын айтышып, ыраазычылык сөздөрүн билдиришти.

5769 08:00 22-10-2014

                 

Новости

|< >|