Жолугушуууга факультетте билим алып, учурда ОшМУда эмгектенип жаткан ардактуу агайлар КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, ф.-м.и.д., профессор Байыш Арапов, техника илимдеринин доктору Идирис Кенжаев, окуу иштери боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев, КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, персоналдык пенционер Миталиб Бакиров, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун директору Миталиб Таиров, КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, математика илимдеринин доктору, профессор Шамши Исмаилов, техника илимдеринин кандидаты, доцент, Ош технологиялык университетинде декан Адыл Сарымсаков, Кыргыз-Өзбек университетинде факультеттин деканы Гулзат Омурбековалар келип, агай-эжекелер,студенттер менен жолугуп, пикир алышты.
Жолугушуунун алкагында уюштуруучулар тарабынан “Физика адистигине 75 жыл” аттуу көргөзмө уюштурулду.
Салтанаттуу жыйынды концерттик программа коштоду.