Новости

Тарых факультетинде тегерек стол

2014-жылдын 18-октябрында саат 10-00дө тарых факультетинин чоң актылык залында ОшМУнун 75 жылдыгына арналган тегерек стол болуп өттү. Ага факультеттин деканы С.А.Смадияров, кафедра башчылары Т.Кадыров, М.Султановалар катышып, куттуктоо сөз сүйлөшүп, ОшМУнун жана тарых факультетинин тарыхы боюнча маалымат беришти. Кыргызстан тарыхы кафедрасынын улук окутуучусу С.Арстанов "Ош мугалимдер институтунун тарыхы 1939-1951-жж." деген темада илимий баяндама жасады. Тегерек столго тарых факультетинин студенттери менен катар магистранттары да катышышты.
4531 10:47 20-10-2014

                 

Новости

|< >|