ОшМУнун ректору Каныбек Исаков ОшМУнун 75 жылдык тарыхында университеттин өсүп-өнүгүшүндө, келечек муундарга таалим–тарбия, билим берүүдө өзүңүздөрдүн өмүрлөрүн, тажрыйбаларын, энергиясын арнаган төш белги менен сыйланган илимпоз агай-эжейлерге ыраазычылык билдирди.
Салтанаттуу кечени ОшМУнун таланттуу агай-эжекелеринин, студенттеринин концерттик программасы коштоду.
Кошумчалай кетсек, ОшМУнун 75 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар 22-октябрь күнү “Билим берүүнүн, илимдин заманбап маселелери жана интеграциялануу процессинде өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүндө университеттердин ролу” аттуу эл аралык конференциясы, 23-октябрь күнү Медициналык клиниканын ачылуу аземи, ОшМУнун башкы корпусунда мааракеге арналган салтанаттуу жыйын, 24-октябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында “Кутман курагың кут болсун, ОшМУ” аттуу ОшМУ таланттарынын салтанаттуу чоң программадагы иш-чаралары менен коштолот.
Фотолор: Рашит Максытовдуку