Новости

ОшМУнун Enactus командасы эртең Дүйнөлүк Кубокко аттанат

Эртен 18-октябрь күнү эрте менен саат 8.00дө Ош эл аралык аэропортунан Кытайдын Пекин шаарында 22-24-октябрь күнү өтүүчү ENACTUS 2014 Дүйнөлүк мелдештерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук Чемпиондугун жеңип алган Ош мамлекеттик университетинин ENACTUS командасы жөнөп кетет.

Кыргызстандын “ENACTUS 2014 Улуттук Чемпиондоруна” сапар алдында ийгилик каалоо менен ак батасын берген саамалык кече 16-октябрь күнү ОшМУнун 75 жылдык мааракесине арналган салтанатта уюштурулду.

Дүйнөнүн 36 мамлекетинин чемпиондору катышууга даярданып турган Пекин шаарында өтүүчү World Cup 2014 ENACTUS Эл аралык Кубогуна Кыргызтандын атынан катышып жаткан ОшМУнун командасына профессордук-окутуучулук курам жакшы тилегин айтты. ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Кыргызстандын “ENACTUS 2014 Улуттук Чемпиондорунун” ийгиликтерине токтолуу менен университеттин атынан 250 миң сомдук колдоо көрсөтүлгөндүгүн айтып, Кыргыз Республикасынын эки Туусун белекке берип, Пекин шаарында өлкөбүздүн желегин желбиретип келүүдөрүн каалады. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Оштогу элчилигинин концулу Ван Лицзю мелдешке аттанып турган 20 студентке виза жасап берүү менен 10 адамга аба каттамынын билетин тапшырып, мелдеште ийгиликтер коштосун деген пикирип айтты. Ошондой эле командага моралдык, материалдык жактан колдоо көрсөткөн кыргыздын айрым патриотторуна да ыраазычылыктар айтылды.

Эми ОшМУнун студенттери Дүйнөлүк Кубокто Кыргызстандын Туусун желбиретүү менен элибиздин үрп-адатын, каада-салтын, маданиятын чагылдырган көргөзмөгө да катышат.

Фото: Р.Максытовдуку

7142 10:59 17-10-2014

                 

Новости

|< >|