Новости

Финансы-юридикалык колледж

Финансы юридикалык коллежинде ОшМУнун 75 жылдыгына арналган “Кыргыз тилин барктайлы да сактайлы” деп аталган иш-чара болуп єттї ОшМУнун 75 жылдыгына арналган Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы тарабынан уюштурулган иш-чарага ФЮКтун директору педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Акматова Тамара Акматовна, Кара-Кулжа районунун Козу Ормокеев атындагы орто мектебинин кыргыз тил жана адабият мугалими Акышева Бедел, шаардагы № 20 Искак Разаков атындагы мектебинин кыргыз тил жана адабият мугалими Рысбаева Замира Ош шаарынын билим берїї институтунун тил жана адабият кабинет башчысы Раимбекова Чынара, Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасынын окутуучулары ошондой эле ФЮКтун 3- курсунун студенттери катышты. Иш-чаранын жїрїшїндє студенттер тарабынан театралдык кєрсєтїї, кєркєм окуу, кыргыздын улуттук аспабында жеке номер аткарылып жана келген конокторго суроолор берилип канааттандыраарлык жооптор алынды. Улут болсом тилим менен улутмун демекчи аталган иш-чара студенттердин патриоттук сезимин кїчєтїп, жакшы тарбиялык маалыматтар берилди. Иш-чаранын соўунда кечеге жигердїї катышкан студенттерге ардак грамоталар тапшырылды. Кеченин уюштуруучусу Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасынын окутуучусу Н. Баетова келген конокторго жана жалпы студенттерге ыраазылчылык билдирди.
6430 17:14 16-10-2014

                 

Новости

|< >|