Новости

Ак халатка жарашыктуу боюңар. Андан таза болсо керек оюңар

1-октябрь медицина факультетинде «Студенттерди кабыл алуу-2014» салтанатту кечеси ОУДТ болуп өттү, ал Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды. Медицина факультетинин студент болуу бактысына ээ болуп, факультеттин босогосун алгач аттап жатышкан студенттерди майрамы менен куттуктап ОшМунун окуу иштери боюнча проректору Абдувалиев А.О. медицина факультетинин деканы жана окуу иштери боюнча декандын орун басарлары, кафедра башчылары куттуктоо сөздөрүн айтышып, 1-курстун студенттерине зачеттук китепче тапшырышты, ал эми 6-курсттун студенттери 1-курстарга атайын өздөрүнүн эстелик үчүн белектерин тапшырып куттуктто сөздөрүн айтышты. 1-курстардын Ант берүү аземинен соң, студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.
8828 10:15 02-10-2014

                 

Новости

|< >|