Новости

ОшМУнун окурмандарына жаңылык

Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык мааракесине карата университеттин илимий китепканасында студенттерге ыңгайлуулук жаратуу максатында бейджик менен тейлөөгө өтүштү.

“Мааракени утурлап биз илимий китепканада ар бир кызматкерге аты-жөнү, кызматы жазылган бейджик даярдап бердик. Бейджиктерибиз кызыл, жашыл, көк түстө болуп, кызыл түстөгү бейджик - бөлүм башчы, башкы китепканачы жана директорго, жашыл түс-улук китепканачыларга, көк түс- китепканачыларга арналып чыгарылды. Анткени көпчүлүк китеп окурмандары, студенттер китепканачыларга тейлөө учурунда аларга кайрылуудан кыйналышат. Биз бул ыңгайсыздыкты жөнгө салуу үчүн ушул нерсени иштеп чыктык”, -деди ОшМУнун илимий китепканасынын директору Сайраш Мамбетова.

6825 15:34 29-09-2014

                 

Новости

|< >|