Новости

ОшМУда Дүйнөлүк Конфуций институттарынын 10 жылдык мааракеси белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде 27-сентябрь күнү Дүйнөлүк Конфуций институттарынын 10 жылдык мааракесине арналган салтанат өткөрүлдү.

Майрамдык кечеге Ош шаарынын вице-мэри И.Эргешов, Дүйнөлүк Конфуций институттарынын башкы башкармалыгынан, Синьцзян педагогикалык университетинен, Ош шаарындагы мекеме-ишканалардан өкүлдөр, Конфуций институтунда билим алып жаткан студенттердин ата-энелери, ОшМУнун окутуучулук курамы, студенттер, Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын ректорлору, кытай тили адистигинде билим алып жаткан студенттер катышышты.

Салтанатты Конфуций институтунун кытай жана кыргыз тарабынан директорлору Гуо Вэйдун жана Токтосун Айтикеевдер ачып, Дүйнөлүк Конфуций институттарынын 10 жылдык мааракеси менен куттуктап өттү.

Сөзгө чыккан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков “ОшМУда ачылып, студенттерге билим берип келе жаткан Конфуций институту эң жакшы инвестициялык долбоорлордун бири. Бүгүнкү күндө эки элдин маданиятын, тарыхын үйрөнүү багытында алмашуу программалары жүрүп, биздин студенттерибиз Кытай мамлекетиндеги Синьцзян педагогикалык университетинен барып, таанышып, билим алып келсе, аталган университеттен келген кытай студенттери да биздин каада-салт, үрп-адаттарыбызды үйрөнүп жатышат. Ошондой эле 60 ашуун окутуучуларыбыз Пекин, Сиан, Ланджоу, Үрүмчү шаарларында болуп, стажировкадан өтүп келишти”, -деген маалыматтарды айтуу менен куттуктоо сөзүн жолдоп, институттун ишине ийгилик каалады. Кече Конфуций институтунун таланттуу окутуучуларынын, студенттеринин концерттик программасы менен коштолуп, кытай-кыргыз тилдеринде обондуу ырлар, улуттук аспаптардын коштоосунда күүлөр, улуттук бийлер тартууланды.

Дүйнөлүк Конфуций институттарынын 10 жылдык мааракесине арналган салтанаттын алкагында Конфуций институтунда лингафондук каананын ачылыш аземи болуп, кызыл тасмасы кесилди. Аталган лингафондук каанада бардык программалар менен камтылган 48 компьютер жайгаштырылган.

“ОшМУга караштуу Конфуций институту жаңы ачылгандыгына карабай дүйнөлүк институттардын арасында өтө тез темп менен өнүгүп жаткан институттардын катарына кирет. Бул жерде иштеген окутуучулар да чыгармачылык менен эмгектенишүүдө. Студенттердин терең билим алуусу үчүн ачылып жаткан лингафондук каанадагы компьютерлер акыркы үлгүдөгү программалар менен камсыздалды”, -деди ачылуу аземинде Дүйнөлүк Конфуций институттарынын башкы башкармалыгынын өкүлү Ли Хоң Щин.

Кошумчалай кетсек, дүйнө жүзү боюнча 240 Конфуций институту ишмердүүлүгүн жүргүзсө, ОшМУнун Конфуций институту 204 болуп ачылган.

7925 14:58 29-09-2014

                 

Новости

|< >|