Новости

Мамлекеттик тил майрамында ОшМУ жеңишке жетишти

23-сентябрь-мамлекеттик тил майрамына карата Ош шаардык мэриясынын Жаштар комитети тарабынан Бабур атындагы драма театрында Ош шаарындагы жогорку жана кесиптик окуу жайлар ортосунда уюштурулган “Тил-улуттун өзөгү” атту иш чарада ОшМУнун командасы мыкты даядыгын көрсөтүп, калыстардын жогорку баасына татып, жеңишке жетишип, I даражадагы диплом, баалуу белек менен сыйланышты. Сынакта саламдашуу, көркөм окуу, кыргыз бийи, дилбаяндар сынагы сыяктуу тапшырмалар боюнча катышуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Кошумчалай кетсек, 22-сентябрь күнү Ош шаардык мэриясы тарабынан 23-сентябрь мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына карата С.Ибрагимов атындагы драм театрында уюштурган иш-чарада жогорку жана орто окуу жайлары, билим берүү тармактары арасында уюштурулган улуттук баалуулуктарыбыз, азык-түлүк, тамак-аш, көөнөрбөс кол өнөрчүлүк, буюм-тайымдар көргөзмөсүндө Ош мамлекеттик университети баш байгени жеңип диплом жана 15 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланган.

9852 09:53 27-09-2014

                 

Новости

|< >|