Салтанттуу аземге ОшМУнун ректору Каныбек Исаков баш болгон жамаат менен биргеликте “МegaCom” компаниясынан өкүлдөр катышып, футбол талаанын кызыл тасмасы кесилип, каалоолор айтылды.
Спорт сүйүүчүлөрдүн маанайын көтөрүп, сергек жашоо образына үндөгөн салтанат өлкөбүздөгү белгилүү ырчылардын концерттик программалары менен коштолду. “Футбол дүйнөдөгү эң популярдуу спорттук оюн болуп саналат. Бул оюнду сүйүүчүлөр биздин жамааттын арасында да арбын. Спорт – бул жаштык, сергек жашоо. Бул футбол талаасы да спортту сүйгөн жаштарды сергек жашоо образына үндөгөн, дени сак муундарды тарбиялаган жай боло берсин. “МegaCom” компаниясы өлкөбүздөгү ири өнөктөштөрүбүздүн бири катары мындан ары да кызматташууну улантабыз деген ойдобуз”, -деген ОшМУнун ректору Каныбек Исаков спорт күйөрмандарын майрам менен куттуктады.
Майрамдык салтанатты Ош шаарынын түрдүү тармактарынан келген 8 команданын футболдук мелдеши коштоп, жеңүүчүлөргө уюштуруучулардын белектери ыйгарылды. Белгилей кетсек, ОшМУда жаштардын дени сак болуусуна шарт түзүүчү бир топ заманбап спорттук аянчалар, ден соолукту чыңдоочу борборлор, фитнес залдар ачылып, окутуучулар, студденттер үчүн кызмат кылууда.