Новости

“Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы” кафедрасында

2014-жылдын 12 - сентябрында “Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы” кафедрасында єткєрїлгєн алгачкы окуу-усулдук семинарда кафедра башчысы м.и.к., доцент К.Ш. Сакибаев “Кредиттик технология шартында учурдагы, аралыктагы жана жыйынтыктоочу текшерїїлєрдї уюштуруу, баалоо системасынын критерийлери” аттуу темада, ал эми 15 - сентябрында м.и.к., доцент Ш.Т. Беркмаматов “Кредиттик технология шартында нормалдуу анатомия предметинен студенттердин практикалык сабактарын жана єз алдынча иштерин уюштуруу жана єткєрїї боюнча усулдук кєрсєтмєлєр, окуу куралдарын даярдоо боюнча талаптардын негизи” аттуу темада баяндама даярдашты. Аудиториялык жана аудиториядан сырткары єтїлїїчї сабактар, єз алдынча иштєє їчїн берилген материалдарды єздєштїрїїнї эффективдештирїї боюнча да єзєктїї маселелер талкууланып, даярдалуучу окуу-усулдук куралдар компетенциялардын алкагында даярдалуусу жєнїндє жыйынтыктар чыгарылды. Маалыматтар аталган кафедранын єздїк сайтында жайгаштырылган.

6127 10:54 16-09-2014

                 

Новости

|< >|