Новости

ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде Билим күнүнө карата салтанаттуу жыйын өткөрүлдү

ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде Билим күнүнө карата 1-сентябрь күнү салтанаттуу жыйын болуп өттү. Жыйында Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын Гимни жаңыргандан кийин ОшМУ АГИнин директору Темир Жоробеков, институттун директорунун орун басары Рашад Шамилов, дин таануу факультетинин деканы доц. док. Сайфулла Базаркулов студенттерди Эгемендүүлүктүн 23 жылдыгы жана жаңы окуу жылы менен куттуктады.

Жыйында институттун директору мамлекеттин, коомдун жаркын келечеги үчүн жогорку билим алуунун мааниси жана орду тууралуу баса белгилеп өтсө, директордун орун басары убакытты туура пайдалануу, терең билим алууга болгон умтулуу жана талбаган эмгек гана адамдын максатына жеткирерин айтып өттү. Факультеттин деканы да билим алуунун зарылчылыгына, ошону менен бирге адамдык сапаттарды калыптандырып, ыймандуу болуу керектигин баса белгиледи.

11039 15:05 02-09-2014

                 

Новости

|< >|