Новости

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси ОшМУда болду

“Анкара, Стамбул сыяктуу ири шаарлар менен биргеликте шаар сыртында жайгашкан бир топ окуу жайлар Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен кызматташууга кызыктар”, - бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков менен болгон жолугушуу учурунда белгиледи.

75 жылдык тарыхка ээ ОшМУ бүгүн автоматташтырылган университет болуу менен европалык билим берүүгө ыктап жаткандыгын айткан ректор Каныбек Исаков университет тууралуу маалымат берип жатып ОшМУ Кыргыз-Түрк мамилелеринин башатын түзүп келет, бул мамилелердин жемиши катары бүгүнкү күндө университетте 20 жыл илгери түптөлгөн Теология факультети жана быйыл экинчи жылга кадам таштап, жаш улан кыздарга таалим –тарбия берип жаткан “Ыйман” лицейин айтууга болот. Ошондой эле университетте билим алып жаткан студенттерге заман талабына ылайык шарттарды түзүп берүү, окуу имараттарын жаңы эмеректер менен камсыздоо, жатаканаларын жаңылоо багытындагы иштерде Түрк кызматташтык жана Координация Агенттиги Башкармалыгынын (ТИКА) биргелешкен кызматташуусу өзгөчө көмөк көрсөтүп келе жаткандыгын кошумчалады.

Жолугушууда бир топ биргелешкен кызматташуулар боюнча сөз болуп, делегация ОшМУнун Теология факультети, “Ыйман” лицейиндеги студенттердин билим алуусуна түзүлгөн шарттар менен таанышып, окутуучулар менен жолугушту.

ОшМУ Түркиянын Анкара, Кастамону сыяктуу бир топ университеттери менен билим берүү тармагында өз ара байланышып, студенттер, окутуучулар академиялык тажрыйба алмашуу, илимий изилдөө иштерди жүргүзүү боюнча программалар аркылуу кызматташып келет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түркия менен ОшМУнун алдыдагы перспективалары талкууланды.

12463 10:03 27-08-2014

                 

Новости

|< >|