Новости

Ош МУнун магистратурасына кабыл алуу кызуу жүрүүдө!!!


Кыргыз Республикасынын Түштүк регионунда педагогикалык багыттар боюнча магистратура Ош мамлекеттик университетинде жаңы ачылганына карабай 2014-2015-окуу жылына документ тапшыруучулардын саны тездик менен өсүүдө. Айрыкча орус тилинин филологиясы, табият таануу жана география, математика жана информациялык технологиялар багыттарында окууну каалоочулар арбын болууда.
Магистратурага тапшыруучулардын арасында жогорку окуу жайды жаңы гана бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдөн тартып пенсия курагына жакындаган агай- эжекелерибиз да бар. Курамы боюнча карасак, магистратурага тапшыруучулардын арасында мектеп мугалимдери жана директорлору, колледждердин, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары, банк кызматкерлери басымдуулук кылууда.

Магистратурада окуган учурда магистрант төмөндөгүдөй артыкчылыктарга ээ болот:
• тандап алган илимий чөйрөсү боюнча тереңдетилген билим алууга;
• илимий-изилдөөчүлүк иши менен алектенүү мүмкүнчүлүгүнө;
• стажировка, практика өтүү жана илимий-изилдөө орду эске алынган индивидуалдык окуу планын тандоого мүмкүндүк берген өздүк билим берүү траекториясын түзүү мүмкүнчүлүгүнө;
• магистрдик диссертация жазуудагы тажрыйба келечекте PhD докторантурада окууга жардам берет;
• магистранттар жогорку окуу жайларда, атайын орто окуу жайларында, лицейлерде жана орто мектептерде иштөө үчүн окутуучулук тажрыйба алышат;
• магистр даражасына ээ болуу эмгек акынын жогорулашы жана жумушка орношуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет.

Ош мамлекеттик университети - адамзаттын руханий баалуулуктарын сактоо жана байытуу боюнча тарыхый миссиясын татыктуу аткарууда окуу процессин интеграциялоонун, фундаменталдык илимий изилдөөлөрдүн жана инновациялык ыкмалардын негизинде коомдун интеллектуалдык элитасын даярдоону камсыз кылуучу алдыңкы билимди жана маалыматты алууга жана таркатууга багыт алган изилдөөчү типтеги классикалык университет.
ОшМУ үч баскычтуу билим берүүгө (бакалавриат, магистратура, PhD докторантура) укук алган республикадагы 3 мамлекеттик университеттин катарына кошулуп, бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын жалпыга таанымал борбору болуп эсептелет.
14845 17:26 17-07-2014

                 

Новости

|< >|